• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Бишкектин көчөлөрүнө 62 тонна туз себилди

Коом 0


Бишкек, 07.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 7-декабрь саат 20:30га карата "Тазалык" ишканасы тарабынан Бишкектин көчөлөрүнө 62 тонна туз себилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, туз чачуу иштери Жайыл баатыр, Токомбаев, Алыкулов, 7-Апрель, Ахунбаев, Тыналиев, Кожобергенов, Садырбаев, Киев, Горький көчөлөрүндө жана Чүй, Жибек Жолу, Манас проспектилеринде жүрүүдө.

"Жалпысынан 62 тонна туз чачылды. Ишкананын 35-40 жумушчусу жана 14 атайын кышкы техникасы учурда линияда жүрөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий