Бишкек, 16.05.19. /Кабар/. Бишкектин борборунда эки жеңил унаа кагылышты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине окуянын күбөлөрү билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн Бөкөнбаев-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде "Мерседес" жана "Тойота" үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.
Күбөнүн айтуусунда, жабыркагандар жок. Азыркы учурда окуя болгон жерде тиешелүү органдын кызматкерлери иш алып барышууда.
	
                                            
                                            
                                            
                                            
            
            
            
            
            
            
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий