• 87.45
  • 100.59
  • 1.11

Бишкектин Алма-Ата көчөсү жарыктандырылды

Коом 0

Бишкек, 08.01.25. /Кабар/. Бишкектин Алма-Ата көчөсү жарыктандырылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көчөгө 170 заманбап, 200 Вт кубаттуулуктагы жарык диоддуу чырактар орнотулуп, алар 170 түркүккө бекитилди. Система туруктуу иштеши үчүн 6000 метрден ашуун өз алдынча изоляцияланган зым тартылды.

Белгилей кетсек, административдик-аймактык реформанын алкагында Алма-Ата көчөсү Бишкек шаарынын Свердлов районуна кошулган.

Алма-Ата көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен айланма жолго чейинки тилкеси узак убакыттан бери жарыксыз болуп келген. Жарыктын жоктугунан улам жол кырсыктары катталып, ал эми жергиликтүү тургундар кечинде эркин жана коопсуз жүрө алышкан эмес.

Пикир

Оставить комментарий