Бишкек, 13-февраль /Кабар/. Бишкектин айрым райондорунда 14-22-февралда газ берилбейт, деп билдирди “Кыргызстандын газпрому” ЖЧКсынын басма сөз кызматынан.
Маалыматка караганда оңдоо иштерине байланыштуу төмөнкү даректерде 14-22-февралда газ берүү токтотулат:
- Каражыгач багы, Чоң-Чүй каналы, М. Ганди көчөсү, Саадаев көчөсү,  Ак-Тилек көчөсү;
-  Мыскал көчөсү, Сейил көчөсү, Пригородная көчөсү;
-  Малышев көчөсү, Күреңкеев көчөсү, Илий чолок көчөсү, Беломор чолок көчөсү.
“Кыргызстандын газпрому” ЖЧКсы ыңгайсыздык үчүн абоненттеринен кечирим сурайт жана түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууларын өтүнөт.
	
                                                        
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий