Бишкек, 20.09.22. /Кабар/. Бишкекте кайрымдуу жарандар гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттарына тамак-аш, кийим-кече, гигиеналык каражаттарды жана дары-дармектерди алып келүүнү улантууда.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, борбор калаанын ар бир районунда Тажикстандын кол салуусунан жапа чеккен Баткендин жашоочулары үчүн азык-түлүктөр чогултулду.
Биринчи май району боюнча 612 кг ун, 428,6 кг дан азыктары, 1005,5 кг ун азыктары, 104 кг мөмө-жемиш, кийим-кече жыйналды.
Ленин району боюнча 9 тонна ун, 2,3 тонна кумшекер, дары-дармек жана буюмдар жыйналды.
Октябрь районунун тургундары 100 кг ун, 212 кг дан азыктары, 45 кг кумшекер, 487 кг ун азыктары жана жашылча-жемиш жыйнашкан.
Свердлов району боюнча 1307 кг ун, 317 кг дан азыктары, 952 кг кумшекер, 412 литр өсүмдүк майы, 80 кг туз, гигиеналык каражаттар жана кийим-кече жыйнашкан.
Ошондой эле Бишкекке келген баткендик 57 тургун White hotel, Shirin Botanik мейманканасы, медициналык академиянын жатаканасы, «Тумар», «Достук» мейманканаларына жайгаштырылган.
Тажикстандын кол салуусу. Бишкекте кайрымдуу жарандар гумжардам алып келүүнү улантууда

Пикир
Оставить комментарий