• 87.45
  • 101.07
  • 1.11

Бишкектен жөнөтүлгөн үч фура гумжардам Кадамжайга жетти

Аймак 0

Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. Бишкектен Баткен облусунун Кадамжай районуна үч фура гуманитардык жардам ийгиликтүү жетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын башчысы Назгүл Жамгырчиева билдирди.

Анын айтымында, гумжардам бүгүн саат 03:00дө жетти.

“ӨКМдин өтүнүчү менен тамак-аш, гигиеналык каражаттар, дары-дармектер жеткирилди. Биздин бардык аймактык башкармалыктарда кабыл алуу пункттары күнү-түнү иштөөдө. Кырдаал көзөмөлдө”, - деди ал.

Жамгырчиева белгилегендей, ошондой эле Баткен облусунан келген жарандар мейманканаларга жайгаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий