• 87.45
  • 100.13
  • 1.08

Бишкектеги талкаланган “Көз айнек” арт-инсталляциясы оңдолду

Коом 0

Бишкек, 19.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/.Бишкектеги Жаштар аллеясында белгисиз бирөөлөр тарабынан талкаланган “Көз айнек” арт-инсталляциясы оңдолду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Көз айнек. Көз караш” арт-инсталляциясын “Тазалык” муниципиалдык ишканасынын кызматкерлери кайрадан оңдоп чыгышкан.

Учурда Ленин райондук администрациясы укук коргоо органдары менен биргеликте көз айнекти талкалган бейбаштарды издөөдө.

Эске сала кетсек, арт-инсталляция Жаштар аллеясына 2016-жылдын 27-июлунда орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий