Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Бишкектин Октябрь районунун Абай көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 1-кабатынан түтүн чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Саат 18:50дө куткаруучулар өрттү өчүрүүгө тартылган. Тилсиз жоо көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндөгү медициналык борборунан чыккандыгы аныкталган.
Өрт саат 19:18де толук өчүрүлгөн.
Белгилей кетсек, акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүм тартылган.
 
	 
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
             
             
             
             
             
             
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий