• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Бишкектеги кыз-келиндер күрөшү боюнча залдын курулушу жүрүүдө — сүрөт

Спорт 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Бишкектеги кыз-келиндер күрөшү боюнча залдын курулуш иштери жүрүүдө.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, 13-июнда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев кыз-келиндер күрөшү боюнча спорт залынын курулуш иштери менен таанышты.

Эскерте кетсек, аталган залдын курулушу 29-апрель күнү башталып, президент Садыр Жапаров Бишкектеги кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы үчүн спортзалдын курулушун баштоо үчүн капсула салган.

Зал “Жаштык” дирекциясынын аянтында курулуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий