• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Бишкектеги Көк-Жар конушу жарыктандырылды

Коом 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Бишкектеги Көк-Жар конушу жарыктандырылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, Көк-Жар конушунун Молдокулов, Куйручук, Ой-Терскен, Коңорчок, Көк-Жаңгак, Көк-Жайык, Калмурзаев жана Арстанбап көчөлөрүндө жарыктандыруу иштери жүргүзүлдү.

"Конушта 180 светодиоддук чырактар орнотулду, алардын кубаттуулугу 100 Вт. Ошондой эле 5700 метр өзүн-өзү алып жүрүүчү изоляцияланган зым (СИП) тартылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий