• 87.45
  • 100.59
  • 1.11

Бишкектеги Ботаникалык бакка 1,6 млн сомдук атайын техника тапшырылды – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 07.05.24. /Кабар/. Бишкектеги Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакта атайын техникаларды расмий тапшыруу аземи өттү.

Мотоблок, суу менен камсыздоо станциялары, генераторлор, өсүмдүктөрдү кыркуу жана чогултуучу шаймандарды камтыган жабдуулардын баасы 1 млн 620 миң 700 сомду түзөт.

Жардам Snow Leopard Run 2023 кайрымдуулук жарым марафонунун катышуучуларынан чогултулган, ошондой эле “Башта” басылмасы тарабынан чогултулган каражатка сатып алынды.

Пикир

Оставить комментарий