• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Бишкекте жол кырсыгы катталып, төрт адам жабыркады

Кырсык 0


Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Бишкекте Кырк Кыз жана Өмүрканов көчөлөрүнүн кесилишинде күн мурун саат 22:00дө Toyota RAV4 жана Volkswagen үлгүсүндөгү автоунаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Милициянын кайгуул кызматынан агенттикке билдиришкендей, кырсыктан төрт адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Учурда автоунаалар убактылуу айып короосуна киргизилген, кырсыктын чоо-жайы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий