• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Бишкекте жаңы жолдорду куруу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 17.01.25. /Кабар/. Борбор калаадагы Кара-Дарыя көчөсү Медеров көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейинки жолду куруу иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүгү дээрлик бүттү, ал эми Горький көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейинки иштер жасалууда.

Белгилей кетсек, жолдун туурасы 9 метрди түзөт. Эки тарабында ирригациялык система жана тротуар орнотулат.

Эске салсак, Кара-Дарыя көчөсүнүн курулушу 2024-жылы башталган, ал борбордун түндүгү менен түштүгүн байланыштырган жаңы магистралдык жолдорду түзүү долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат.

Мындан тышкары, Бакаев көчөсүн Лев Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин ачуу боюнча иштер уланууда.

Бүгүнкү күндө демонтаждык иштер жана казуу иштери жүргүзүлдү. Азыркы учурда тирөөч дубалдарын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасы тарабынан темир жол көпүрөсү курулду.

Пикир

Оставить комментарий