Бишкек, 27.12.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Кызыл-Аскер аймагында жайгашкан №12 жаңы үй-бүлөлүк медицина борборунун салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, анын ачылыш аземине министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
Жаңы борбор бул аймактардын тургундарын сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыз кылуу максатында түзүлдү.
Жалпы наркы 70 млн сомдон ашык сумманы түзгөн имараттын курулушу 2022-жылдын июль айында башталып, анда №1 ҮМБнын филиалын жайгаштыруу пландалган. Бирок, административдик-аймактык реформанын алкагында Чүй облусунун айрым райондору борбор калаага кошулгандыктан, өз алдынча мекеме – №12 үй-бүлөлүк медицина борборун түзүү чечими кабыл алынган.
Пикир
Оставить комментарий