• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Бишкекте турмуштук оор кырдаалда жашаган балдарга арналган жаңы жылдык иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын залында турмуштук оор кырдаалда жашаган балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, иш-чарага аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ЧАЭС катышуучуларынын, интернационалист-жоокерлердин балдары, жетимдер жана жарым жетим балдар, 12 адистештирилген мектепке чейинки мекемелердин жана үч көмөкчү мектептин тарбиялануучулары, турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн эки реабилитациялык борбордон, 28 өкмөттүк эмес уюмдардан майыптыгы бар балдар болуп, жалпы 1000 бала катышты.

Иш-чарага калаа башчысы Айбек Жунушалиев катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Ошондой эле концерттик номерлер тартууланып, бөбөктөргө жаңы жылдык белектер тартууланды.

Белгиленгендей, Бишкек шаарында жалпысынан шаардык жана административдик райондору боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан 11 миң 836 бала жаңы жылдык белектер менен камсыз болот.

Пикир

Оставить комментарий