• 85.91
  • 93.34
  • 1.03

Бишкекте эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 24.12.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов районундагы ГЭС-2 айылында жайгашкан эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоону өчүрүүгө 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылып, өрт саат 11:40да толук өчүрүлдү.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 130 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий