• 87.45
  • 100.59
  • 1.11

Бишкекте турак үй өрттөнүп, эркек киши күйүк алды

Кырсык 0

Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. Бишкектин Власова көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн 45 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган чатыры жана бир бөлмөсү өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өрттүн кесепетинен 38 жаштагы эркек киши 3-даражадагы күйүк алып, №4 шаардык ооруканага жаткырылган. Өрттүн себеби такталууда.

Белгилей кетсек, бир сутканын ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүм тартылган.

Пикир

Оставить комментарий