• 87.45
  • 99.57
  • 1.07

Бишкекте троллейбустардын ичи жаңы жылга карата кооздоло баштады

Коом 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. Бишкектеги троллейбустардын ичи жаңы жылга карата кооздоло баштаганын шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мэриядан белгилешкендей, алгач Улан Биялиев жана Аскат Кыштообеков башкарган №2 троллейбустун ичи жасалгаланып, шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулоодо.

"Учурда биз башка троллейбустардын ичин кооздой баштадык. Кийинки жумадан баштап сиздерди жаркыраган коомдук унаалар ташый баштайт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий