• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Бишкекте тигүү цехинен чыккан өрттү толук өчүрүү аракети көрүлүүдө

Кырсык 0


Бишкек, 23.11.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов районунун Курманжан Датка көчөсүндөгү тигүү цехинен өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 5 күжүрмөн эсеп жана штаб, кошумча саат 06:50дө Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары жетектеген ыкчам топ тартылды.

Өрт саат 07:10до чектөөгө алынды. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий