Бишкек, 24.12.24. /Кабар/. Бишкектин Жибек Жолу проспектисинде мыйзамсыз орнотулган объектилер демонтаждалды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, аянты 64,4 чарчы метр болгон кафе, аянты 167 чарчы метр болгон тосмо, аянты 54 чарчы метр болгон коомдук даараткана, эки күркө буздурулду.
Натыйжада 314 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.
Пикир
Оставить комментарий