Бишкек, 27.12.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргыз улуттук филармониясында Ленин районунун балдары үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңы жылдык иш-чарага жакшы окуган, жаш спортчулар, шаардык жана райондук иш-чаралардын активдүү катышуучулары жана Ленин районунун аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн балдары чакырылып, жалпы 1100 бала катышты
Балдарга театрлаштырылган оюн-зооктор уюштурулуп, таттуу белектер тапшырылды.
Ленин районунун башчысы Жыргалбек Шакиев балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, аларга ден соолук каалады.
Пикир
Оставить комментарий