• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Бишкекте Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 12-жыйыны башталды

Саясат 0


Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Бишкектеги "Ынтымак Ордодо" Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөр аралык кеңешинин 12-жыйыны башталды.

Жыйынга катышуу үчүн күн мурун Кыргызстанга келген Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов "Ынтымак-Ордого" келди.

Аны министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Тараптар алгач расмий сүрөткө түшүү аземинен соң, жыйындар залына бет алышты.

Пикир

Оставить комментарий