• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Бишкекте кар жаады. Тазалоо иштерине 44 атайын техника чыкты

Коом 0

ишкек, 22.01.25. /Кабар/. “Тазалык” муниципалдык ишканасы борбор калаанын жолдоруна карды тазалоо жана туз себүү иштерин баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, саат 13:00гө карата линияга 44 атайын техника чыкты, 55 тонна техникалык туз колдонулган.

Белгиленгендей, МАЗ үлгүсүндөгү 5 кар тазалоочу унаа, 5 даана Шахман КДМ (комбинацияланган автотранспорт), 2 даана фронталдык жүктөгүч, 24 даана щетка жана күрөктүү “Беларусь” трактору, 4 даана УКМ-2500 универсалдуу муниципалдык унаа жана 4 даана “Бопкат” щеткалары менен.

Маалым болгондой, кардан тазалоодо жаңы атайын техникалар, ошондой эле ишкананын 750 кызматкери тротуарларды тазалап жатышат.

Пикир

Оставить комментарий