• 87.45
  • 100.37
  • 1.12

Бишкекте кайгуул кызматкерлери адашып кеткен 4 жаштагы кызды үйүнө жеткиришти

Коом 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери 19-июлда Д.Асаналиев жана Ю.Гагарин көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамада ыйлап жаткан кызды көрүшкөн.

Аталган кызматтан кабарлашкандай, 4 жаштагы А.Ж. аттуу кичинекей кыз адашып, үйүн таппай жүргөндүгү аныкталган.

Кайгуул кызматкерлери кызды кызматтык унаага отургузуп, жашаган дарегин аныктап, ата-энесине аман-эсен жеткирип беришкен.

Пикир

Оставить комментарий