• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Бишкекте жарнама такталарын демонтаждоо иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Бишкекте жарнама такталарын демонтаждоо иштери башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, демонтаждоо иштерин мэриянын жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы “Тазалык” ишканасы менен биргеликте жүргүзүүдө.

Эски металл конструкциялардын ордуна заманбап LED-экрандар орнотулат.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Бишкек мэриясына шаардагы эски жарнамалык такталарды 31-августка чейин LED-экрандарга алмаштырууну тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий