• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Бишкекте ирригациялык тармактар калыбына келтирилүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.05.23. /Кабар/. Бишкекте ирригациялык тармактар калыбына келтирилүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, “Бишкек суу чарба” муниципалдык ишканасы 6-кичирайонго Б2-2 үлгүсүндөгү сугат темир-бетон ирригациялык лотокторду орнотууда.

"Лотоктор секундуна 35-40 литр суу өткөрүүгө жөндөмдүү. Бүгүнкү күндө 17 даана 51 погондук метр темир-бетон лотоктору орнотулду. Жалпысынан 333 погондук метр темир-бетон лотоктору орнотуу пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий