• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Бишкекте дайынсыз жоголгон сегиз жашар бала табылды. Ал мечитте түнөгөн

Коом 0

Бишкек, 26.07.22. /Кабар/. Бишкекте дайынсыз жоголгон сегиз жашар бала табылды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-июлда саат 10:00дө буга чейин дайынсыз жоголгон сегиз жашар Камронбек Умаров табылган.

“Бала ойноп жатып үйүнө барган жолду таба албай калган. Ал мечитте түнөгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 25-июлда милицияга У.З. аттуу жаран кайрылып, Камронбек Умаров аттуу баласы Гагарин көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып келбегенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий