• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Бишкекте дайынсыз жоголгон 7 жаштагы Диана табылды

Коом 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Милиция кызматкерлери күн мурун Бишкекте дайынсыз жоголгон 7 жаштагы Диана Боронбаеваны таап, ата-энесине өткөрүп берди. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Эскерте кетсек, 17-мартта милицияга Б.Н., аттуу шаардын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 7 жаштагы Б.Д., аттуу кызы ошол эле күнү саат 16:30дар чамасында Туңгуч кичирайонундагы үйүнө чыккан бойдон келген эместигин жазган.

Пикир

Оставить комментарий