• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Бишкекте коронавируска байланыштуу 15 мектеп карантинге жабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Бишкекте 15 мектеп толук онлайн-режиминде окутууга өттү, анткени анда COVID-19 менен ооругандар көп. Бул тууралуу брифингде Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Акматова билдирди.

Анын айтымында, салттуу режимде окуган окуучулардын арасынан 1 миң 607 окуучу үйдөн окууга арыз жазышкан.

Ошондо эле ал COVID-19 илдети 45 окуучудан жана 24 мугалимден аныкталганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий