• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Бишкекте айдоочу жөө адамды өлтүрө сүзүп кетти

Кырсык 0


Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Бишкектеги Жибек Жолу - Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу жөө өтмөктөн пенсионерди өлтүрө сүзүп кетти.

"Кабар" агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, Hyundai Santa Fe автоунаасын 1993-жылкы айдоочу башкарып бараткан. Кырсыктан окуя болгон жерде алган жарааттан улам 1948-жылы туулган эркек киши каза болгон.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө, унаа айып короосуна токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга жол эрежесин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий