Бишкек, 01.04.24./Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде 2-апрелде суу өчүрүлөт, деп билдирет мэриянын маалымат кызматы.
"Контррезервуар" суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу саат 09:00дөн 19:00гө төмөндү даректерде ичүүчү суу токтотулат.
- Достоевский, Анкара, Ауэзов - темир жол, көчөлөрү менен чектелет,
 - Алтын Ордо, Кара-Жыгач, Полицейский городок турак жай конуштары.
 
"Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.
	
                                                        
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий