• 86.99
  • 99.28
  • 1.06

Бишкекке жакын жердеги тоодо куураган чөп күйдү – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. Аламедин районунун Байгелди айыл округундагы Байтик тоосунда куураган чөп күйгөн.

ӨКМдин маалыматы боюнча, өрт саат 4:32де башталган. Тилсиз жоонун кесепетинен 450 га куураган чөп күйгөн. Өрттү өчүрүүгө 155 куткаруучу тартылган.

Өрт саат 15:00дө толугу менен өчүрүлгөн.

Азырынча өрттүн келип чыгуу белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий