• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Катуу шамал учурунда:
- Унаанызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;
- Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;
- Көз айнек кийиңиз.

Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз.

Пикир

Оставить комментарий