• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы катталып, 5 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 20-апрелде Бишкек-Ош унаа жолунун 286-чакырымында (Токтогул шаарында) Honda Logo жеңил унаасы менен VOLVO үлгүсүндөү оор жүк ташуучу унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен бир аял жана 4 эркек киши ар кандай жаракаттарды алган.

Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган жарандарды жолдо бара жаткан унаалар райондук ооруканага жеткиришкен.

Пикир

Оставить комментарий