• 87.45
  • 99.57
  • 1.07

Бишкек-Ош жолунда Howo унаасы оодарылып, эки адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 236-чакырымында (Ала-Бел ашуусу) Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай оодарылып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен 2 эркек адам жабыркаган. Куткаруучулар жеткенге чейин тез жардам кызматкерлери жабыркаган адамдарды Токтогул райондук ооруканага жеткиришкен.

Үч куткаруучу КамАЗ менен барып, Howo унааны жылдырып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий