• 87.4
  • 95.11
  • 1.02

Бишкек-Ош жолунда эки унаа кагылышты

Кырсык 0

Бишкек, 13.06.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 64-чакырымында эки унаа кагылышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 13-июнда болжол менен саат 00:17лер чамасында катталган.

“Мазда” жана “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү эки жеңил унаа кагылышкан жерге куткаруучулар барышкан.

“Жеринде тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн. Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан тактоо-иликтөө иштери жүрүүдө”, - деп кабарлашты ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий