Бишкек, 21.01.25. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Өткөн жылдын декабрь айында ачылган Бишкек – Москва багыты боюнча темир жол каттамы аркылуу 13 миң 422 жүргүнчү ташылды. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Дастан Усубакунов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, Бишкектен чыккан жүргүнчүлөр Москванын Павелецкий вокзалына чейин учак менен барганга караганда кыйынчылыксыз жетишет.
“2024-жылдын декабрь айынан тартып поезд каттамы аркылуу Москвага жүргүнчүлөр ташылууда. Бишкек – Москва багыттынын ачылышын көптөгөн жылдар бою күттүк. 2020-жылдан баштап пандемия учурунда бул маршрут токтоп, 2024-жылдын декабрь айынан тартып каттам ачылды. Жогоруда айтылгандай кыска убакыт аралыгында 13 миңден ашык жүргүнчү ташыдык”,- деди Усубакунов.
Маалым болгондой, 2024-жылы "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы жалпы 9 млн 200 миң тонна жүк ташыган. Жүктөрдүн эң негизги көлөмү импорттук жана өзүбүздөн чыккан экспорттук жүк ташуулар болуп саналат. Көбүнчө Өзбекстан, Түркмөнстан, Россиянын Махачкала шаарына чейин чоң көлөмдө жүктөр ташылат. Ал эми жүргүнчү ташуу боюнча өткөн жылы бардыгы 271 миң 446 жүргүнчү ташылган.
Ошондой эле 2024-жылы мамлекеттик бюджетке 527 млн 600 миң сом, ал эми Социалдык фондго 520 млн 200 миң сом акча төлөнгөндүгүн ишкана өкүлү кошумчалады.
Пикир
Оставить комментарий