Бишкек, 23.08.23./Кабар/. Бишкек мэриясы Киев көчөсү, 131А дарегиндеги №9 балдар музыкалык мектебинин  3 кабаттуу имаратын курууга конкурс жарыялады.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, жер участогунун жалпы аянты  0,512 га.
Имараттын аянты - 1117,57 чарчы метр.
Сметалык  наркы 65 мон 847 миң 873 сом. 2023-жылга 10 миллион сом каралган.
Сынактар жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар парталында жарыяланган: www.zakupki.gov.kg
	
                                                        
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий