• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Бишкек мэри Казакстандын II даражадагы "Достык" ордени менен сыйланды

Коом 0

Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгына ылайык, II даражадагы "Достык" ордени менен сыйланды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр мындай жогорку сыйлыкка Кыргызстан менен Казакстандын борборлорунун ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөткөндүгү үчүн татыды.

Сыйлыкты Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев тапшырды.

Өз сөзүндө элчи Айбек Жунушалиевдин Бишкек менен Астананын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоого жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи.

"Бул сыйлык борборлорубуздун жана элдерибиздин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Сиздин күч-аракетиңизди таануунун символу болуп саналат. Сиздин ишиңиздин аркасында Бишкек менен Астананын ортосундагы мамилелер эффективдүү өз ара аракеттенүүнүн жана достуктун үлгүсүнө айланууда”, - деп баса белгиледи элчи.

Айбек Жунушалиев сыйлыкты алып жатып, жогору ишеним үчүн ыраазычылык билдирди.

"Достык" орденин алуу мен үчүн чоң сыймык. Бул менин аракетимди гана эмес, шаарларыбызды өнүктүрүү үчүн иштеп жаткан бүт команданын эмгеги. Бишкек менен Астана кызматташтыгын бекемдеп, элдерибиздин достугуна өз салымын кошо берет", -деди калаа башчысы.

1995-жылы негизделген “Достык” ордени эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана гуманитардык жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыйгарылат. Бул орден менен сыйлангандардын арасында Хиллари Клинтон, Пан Ги Мун жана Ли Куан Ю сыяктуу атактуу дүйнөлүк лидерлер бар.

Тараптар ошондой эле актуалдуу маселелерди жана боло турган биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий