• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Өзбекстандын элчиси менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолукту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар турак-жай коммуналдык чарба жана адистештирилген техникаларды жеткирүү жаатында кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясы менен Ташкен хокимиятынын ортосундагы байланыштарды жандандыруу жана тереңдетүү талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий