Бишкек,15.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков коронавирус илдетинен айыгып, 15-июлдан тартып ишине киришти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Маалыматка ылайык, Алмазбек Баатырбеков COVID-19га чалдыккан жана сол өпкөсү сезгенген. Биринчи вице-премьер-министр дарылоо курсунан өтүп сакайды. Ал кайрадан тапшырган анализдин жыйынытыгы таза деп чыккан.
 
	
                                                        
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий