• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Билим берүү министрлиги окуучуларды электрондук китептерди колдонууга чакырат – нускама

Билим 0


Бишкек, 05.09.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларды электрондук китептерди колдонууга чакырат.

Министрлик окуу китептеринин электрондук варианттары https://kitep.edu.gov.kg/kg электрондук китепкана сайтында жайгаштырылганын маалымдайт.

Мында окуу китептерин компьютер, телефонго жүктөп же кагаз түрүндө басып чыгарып алса болот.

Ошондой эле 2024-2025-окуу жылында окутуу орус жана кыргыз тилинде жүргүзүлгөн Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдары тарабынан колдонулууга уруксат берилген окуу китептеринин тизмеги министрликтин https://edu.gov.kg/posts/ сайтында бар.

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн - https://edu.gov.kg/posts/3328/

Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн - https://edu.gov.kg/posts/3330/

Пикир

Оставить комментарий