• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Билим берүү министрлиги: Мугалимди басмырлап, беделин түшүрүү жол берилгис көрүнүш

Коом 0

Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Бишкектеги №57 мектептин тарых мугалими менен окуучунун апасынын ортосунда болгон окуяга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Ведомстводон баса белгилешкендей, кандай шартта болбосун мугалимди басмырлап, анын беделин түшүрүү жол берилгис көрүнүш. "Ата-энелерди мугалимдерге сый-урмат менен мамиле жасоого чакырабыз" - , - деп кошумчалашты министрликтен

Ошондой эле министрлик бул окуяга байланыштуу №57 мектептин администрациясы, Бишкек мэриясынын Билим берүү департаменти өз компетенциясынын чегинде иш алып барып, тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылганын маалымдайт.

Эске салсак, буга чейин интернетке шаардагы мектептердин биринде ата-энелердин бири мугалимди балдардын көзүнчө кагып, жемелеген видео тараган.

Пикир

Оставить комментарий