Билимдүү жаштар өлкөнүн келечеги жана байлыгы. Акыркы төрт жылда билим берүү тармагына мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулууда. Алардын айрымдарына токтолсок, 2023-жылы адистештирилген жалпы билим берүүчү “Акылман” президенттик лицейи ачылды, тарыхта биринчи жолу мугалимдер үчүн ноутбук сатып алууга ири каражат бөлүнүп, 2024-жылы “Учкун” басмаканасынан 714 миң 590 нуска жаңы окуу китептери басылып чыкты. Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин “Алтын казык” билим берүү системасын трансформациялоо программасын ишке ашыруунун алкагында көп багыттуу иштер аткарылууда. Министрликтин акыркы жылдардагы аткарылган иштери жана алдыга койгон максаттары тууралуу кененирээк маалымат бермекчибиз.
Алгач, мектепке чейинки билим берүүгө токтолсок, 2024-жылы бала бакчага барган балдардын көрсөткүчү 2023-жылдагы 28,3 пайыздан 44,3 пайызга өсүп, натыйжада 6 жаштагы балдардын 98 пайызы мектепке чейинки даярдоодон өтүшкөн. 2025-2026-окуу жылынын аягына чейин Кыргызстанда жалпы балдардын ичинен бала бакчага барган балдардын көрсөткүчүн 60 пайызга жеткирүү пландалып жатканын өлкөнүн 2024-жылдагы өнүгүү жыйынтыктары боюнча Министрлер кабинетинин жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Ал эми мектептеги билим берүүгө кайрылсак, республика боюнча учурда 2 миң 377 мектепте 1 млн 491 миң окуучу билим алат. Бюджеттен каржыланган объекттердин тизмесине 513 билим берүү объектиси киргизилип, аларды каржылоонун көлөмү 7,5 млрд сомду түзгөн. 2023-2024-окуу жылында мектептердин окуу чыгымдарына 974 млн сом жумшалды. Мамлекет тарабынан 2 миң 140 мектепте окуучуларга ысык тамак уюштурулуп, бул кызматты көрсөтүү өлкөдө 98 пайызга чыкты.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча мектептик билим берүүнү 12 жылдык моделге көчүрүүдөгү башкы багыттардын бири PISA жана TIMSS изилдөөлөрүндө биринчи орунда турган өлкөлөрдөн алынган STEM окуу китептерин улуттук контекстке ылайыкташтырып басып чыгаруу.
“2024-жылы мектептерде табигый-илимий цикл боюнча STEM лабораторияларын түзүүгө багытталган сметасы 40 млн доллар турган долбоор бекитилген. Заманбап STEM билим берүү тармагы өлкөнүн билим берүү системасы үчүн абдан маанилүү. STEM – (science, technology, engineering and mathematics) деген аталыш илим, технология, инженерия жана математика деген сөздөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан куралып, бул технологиянын негизин инженердик ойлоп табуучулуктун ыкмасы түзөөрү белгилүү. STEM билим берүү тармагынын максаты - окуучуларды келечекте эң көп талап кылынган, артыкчылыктуу кесиптерге даярдоо болуп саналат”,- деди Кендирбаева.
Эми математика, табигый илимдер жана англис тили боюнча окуу китептеринин дүйнөдөгү эң мыкты үлгүлөрү Кыргызстандын окуучуларына ылайыкташтырылып чыгарылат. Ошондой эле, 12 жылдык билим берүүнүн форматында адистик боюнча физика, математика, лингвистика, программалоо, ал эми кесиптик билим боюнча тигүүчү, ашпозчу, жыгач уста, мейманкана кызматы кирип кошумча окутуулар болоорун министр кошумчалады. Бул функционалдык сабаттуулукту жакшыраак өнүктүрүүгө, башкача айтканда, окуу программасынан тышкаркы турмуштук кырдаалдарды чечүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет.
Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүүдө мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу менен жаңы компетенцияларды өнүктүрүү зарылчылыгы жаралды. Өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу мугалимдер үчүн Кыргызстанда чогултулган ноутбуктарды сатып алууга 678 млн сом бөлүнүп, соңку 2 жылда 1 миң 200 мектепке 25 миң компьютер берилген. Ошондой эле 2 жыл ичинде мектептерге компьютер сатып алууга 100 млн сом бөлүнгөн.
Республиканын мамлекеттик жана муниципалдык мектептеринин 97,5 пайызы учурда интернетке туташтырылган. 2024-жылы мектеп аттестаттары санариптештирилип, “Түндүк” мобилдик колдонмосунда жеткиликтүү болду. Э-Күндөлүк мектептерге тесттик режимде киргизилип, баалар онлайн коюла баштагандыктан, 2025-жылы кагаз журналдарды толугу менен жоюу пландалууда. Андан тышкары, “Санарип кампа” платформасында миңге жакын окуу материалдары кыргыз тилинде жайгаштырылып, алардын негизинде окуу пландарын, тесттерди жана үй тапшырмаларын жасалма интеллекттин жардамы менен даярдоого платформа түзүлдү.
Билим берүү жана илим министрлиги башталгыч кесиптик билим берүү тармагындагы жетишкендик катары төмөнкүлөргө токтолду:
- 2023-жылы башталгыч кесиптик билим берүү системасында кредиттик технология киргизилди.
- 2024-жылы биринчи жолу кесиптик билим берүү эмгек рыногунун муктаждыктарына ылайык белгилүү бир кесиптер жана адистиктер боюнча билимдерди, көндүмдөрдү жана ыкмаларды өздөштүрүүгө багытталган атайын портал иштелип чыкты.
- 2024-жылы кесиптик лицейлердин дээрлик 65 пайызы дуалдык (даярдоонун теориялык бөлүгү билим берүү уюмунун базасында, ал эми практикалык – жумуш ордунда (ишканада) өткөрүлүүчү окутуунун түрү) окутууга тартылды.
- Педагогдордун негизги көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана өзүн-өзү баалоого багытталган Scaffold инструменттери киргизилди.
Орто кесиптик билим берүүнүн деңгээлинде министрликтин эң негизги артыкчылыктары 8 алдыңкы тажрыйба борборунун түзүлүшү. Эми Кыргызстандагы колледждердин студенттери айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, ветеринария, тигүү өндүрүшү, этти кайра иштетүү, унаа оңдоо, эмерек жасоо, вентиляциялоо, конструкциялоо, курулуш материалдарын сыноо багыттарында иштей алышат.
Жогорку кесиптик билим берүү тармагында өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайлар биринчи жолу эл аралык рейтингге кирди. Алсак, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы Азия рейтингинде 856 университеттин ичинен 351-400-орундарга чыкты. Ал эми Ош мамлекеттик университети Евразия билим берүү мейкиндигинин эл аралык рейтингинде алдыңкы үчилтикке кошулду. И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети «QS World University Rankings: Central Asia 2024» рейтингинде 19-орунду ээледи. Ал эми К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети «IAAR Eurasian University Ranking (IAAR EUR)» эл аралык рейтингинде айыл чарба илимдери жаатындагы эң мыкты университеттердин бири деп табылды.
Маалыматка ылайык, жылдан-жылга компьютердик багытка тапшырган студенттердин саны көбөйүүдө. Буга чейин жылына 500 гранттык орун бөлүнүп келсе, 2024-2025-окуу жылына 4 миң гранттык орун бөлүндү. Ага кошумча контракттык негизде билим алган студенттерди кошкондо 7 миң 100 студент IТ адистигине окууга тапшырган.
2025-жылга карата Билим берүү жана илим министрлигинин 12 жылдык билим берүүнү ишке ашыруу, өлкөнүн бардык мугалимдерин жеке ноутбуктар менен камсыз кылуу, биринчи мамлекеттик “Туңгуч” онлайн мектебин ишке киргизүү сыяктуу пландары бар.
Министрликтин маалыматы боюнча, өлкөдө учурда бала бакчалардын 63 пайызы видеокөзөмөл менен камсыз болсо, 2025-жылы балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында 100% менчигинин түрүнө карабай бакчаларды видео көзөмөл менен камсыз кылуу пландалган.
Чолпон Жумалиева, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий