Бишкек, 18.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Беларуссияда өткөн жеңил атлеттер арасындагы биринчиликте кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова алтын медаль тагынды. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациясынан кабарлашты.
Турнир бүгүн Брест шаарында старт алган.
Маслова 5 миң метр аралыкта чуркап, 15:55.59 убактысында биринчи маарага келген.
Ошондой эле, кыргызстандык Мусулман Жоломанов 1500 метр аралыкта жүгүрүп, 2-орунду багынтты. Анын убактысы – 3:49.53.
 
	 
                                                         
                     
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий