Бишкек, 24.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын бел боо күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү эл аралык мелдеште 7 медаль жеңди.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш Башкортстандын Уфа шаарында өтүп, Риф Гайнановдун жаркын элесине арналган.
Алтын медалдын ээлери:
- 75 кг Айболот Аманов;
- 100 кг Баяман Мыктыбеков;
- +76 кг Айжан Анарбекова.
Күмүш медалдын ээлери:
- 62 кг Толубай Шүкүров;
- +100 кг Бактияр Мирлан уулу;
- 76 кг Адинай Алмазбекова.
Коло медалдын ээси:
- 82 кг Азизхан Мусабек уулу.
Курама команда машыктыруучу Тамчы Эсенбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Пикир
Оставить комментарий