Бишкек, 27.12.24. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев майыптыгы бар балдар жана өспүрүмдөрдүн Чүй облустук "Максат" реабилитациялык борборуна барды.
Ведомстводон билдиришкендей, министр балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, өзгөчө муктаж балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө колдоо сөздөрүн айтып, борбордун кызматкерлерине ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.
Андан тышкары, министр борбордун шарты менен таанышып, кызматкерлер менен баарлашып, өзгөчө муктаждыгы бар балдарды жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоого мамлекет тарабынан мындан ары да өзгөчө көңүл бурулаарын белгиледи. Ал калктын аялуу катмарына жардам көрсөтүүдө "Максат" борбору сыяктуу мекемелер маанилүү роль ойнорун баса белгиледи.
Иш сапардын соңунда министр балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырып, жаңы жылда ден соолук, бакыт жана кубаныч каалады.
Маалымат үчүн: Буга чейин Аламүдүн районунун Дачное айылында жайгашкан "Максат" реабилитациялык борбору балдардын ден соолугун чыңдоо жана реабилитациялоо үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Арчалы айылына көчүрүлдү. Таза аба, тынч жаратылыш чөйрөсү жана экологиялык жактан таза аймак балдардын ден соолугун, эмоционалдык абалын жакшыртууга жагымдуу шарт түзүп, толук кандуу реабилитациянын маанилүү фактору болуп саналат.
Борбор өзү 2000-жылы негизделип, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жогорку квалификациялуу медициналык, психологиялык, социалдык-педагогикалык жардам көрсөтөт.
Борбордун негизги максаты - балдарды комплекстүү реабилитациялоо, анын ичинде медициналык, педагогикалык жана социалдык адаптациялоо, ошондой эле алардын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү. Мындан тышкары борбор эмгек көндүмдөрүн үйрөтүп, балдардын коомго аралашуусуна көмөктөшөт.
"Максат" мекемесинде төмөнкү диагноздор менен балдар дарыланып, реабилитациядан өтүшөт:
- Ар кандай формадагы церебралдык шал оорусу.
- Кошумча оорулары бар Даун синдрому.
- Акыл-эс, сүйлөө жана кыймыл-аракеттин артта калуусу (ЗПР, ЗПРР, ЗПМР).
- Аутизм спектринин бузулушу (РАС).
- Генетикалык оорулар, тери жана булчуң оорулары.
- Муундардын патологиялары, анын ичинде омуртка жана муундарына операция жасалган бейтаптар.
Борбор 100 орунга ылайыкталып, республиканын бардык аймактарынан келген 1,5 жаштан 16 жашка чейинки балдарды кабыл алат. Коштоп келген ата-энелер үчүн жатакана каралган.
Пикир
Оставить комментарий