• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Бажы кызматкерлери майыптыгы бар балдарды жаңы жылы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 31.12.24. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Сокулук районунун Шопоков шаарында жайгашкан майыптыгы бар балдар үчүн үй-бүлө тибиндеги балдар үйүндөгү балдарды жаңы жылы менен куттукташты.

Ведомстводон билдиришкендей, визиттин максаты – балдарга майрамдык маанайды тартуулоо, көңүл буруу жана камкордук көрүү болду.

Белгиленгендей, балдарга таттуулар салынган белек топтомдору жана балдардын чемодандары тапшырылды.

"Мындай иш-чаралар ар бир бала мээримге жана көңүл бурууга татыктуу экенин эскертип, социалдык жоопкерчилик жана колдоонун маанилүүлүгүн белгилейт",-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий