• 87.45
  • 100.77
  • 1.12

Базар-Коргондо аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Аймак 0

Бишкек, 20.04.23. /Кабар/. Базар-Коргондо аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө Орозо айт алдында Рамазан баштыкчасы таратылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасы Базар-Коргон райондук хатибияттын демилгеси менен “Икомут-Татвиир” фонду тарабынан уюштурулду.

Саамалыкта ун, кумшекер, макарон, өсүмдүк майы, туз, күрүчтөн турган наркы 1100 сомдук азык-түлүк баштыкчалары муктаж адамдарга берилди.

Пикир

Оставить комментарий