• 87.45
  • 99.57
  • 1.07

Баткенде бала бакчанын жер тилкеси ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 14.01.25. /Кабар/. Лейлек районунун Сумбула (мурда - Андарак) айылындагы баасы 3 млн 750 миң сомдук балдар бакчасынын жер тилкеси ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат Сумбула айылында 2005-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип, турак үй курулуп калган бала бакчанын жер тилкесин мамлекетке кайтарып берди.

Тиешелүү иштердин жыйынтыгы боюнча аянты 0,30 га, базар баасы 3 млн 750 миң сом болгон жер тилкеси ыктыядуу түрдө Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди. Аталган жерде 2025-жылы бала бакчанын жаңы имаратын куруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий